Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Аксыда жергиликтүү депутаттар президентке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Райондогу Кара-Суу, Кара-Жыгач айылдык жана Кербен шаардык кеңешинин депутаттар тобу райондук билим берүү бөлүм башчысынын сот иши боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазышты. Бул тууралуу Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Тилеген Керимкулов “Азаттыкка” билдирди.

Катта айтылгандай, “Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн "мыйзам бузуучуга жол берген" деп жумушунан убактылуу четтетилген башчысы Угулай Зыябекованын соттук иши негизсиз жылдырылып” келет. Кайрылууда ошондой эле “жемкорлукка барган жетекчини судьялар калкалап, жазадан бошотуунун амалын көрүп жатканы” айтылат.

Ошондуктан жергиликтүү депутаттар президенттен Аксыда сот адилеттигин камсыз кылууну жана билим берүү тармагындагы баш-аламандыкка көнүл бурууну өтүнгөн.

УКМКнын облустук башкармалыгы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекованын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 306-беренеси (“Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу”) беренелеринин негизинде иш козгогон. Тергөөдөн кийин Зыябековага айыбы угузулуп, иш сотко өткөн. Учурда жетекчинин иши Аксы райондук сотунда каралууда.

Тергөөнүн материалдарында Зыябекова окуучулардын шашке чайы үчүн тендер өткөзүүдө мыйзам бузууга барып, мамлекетке 230 миң сомго жакын зыян келтиргени аныкталганы айтылат. Угулай Зыябекова райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп 2015-жылы дайындалган жана соттук иштерге байланыштуу убактылуу жумушунан четтетилген. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG