Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Трамп: Ким Чен Ын менен саммит болушу мүмкүн


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея менен диалог кайра жанданарын билдирди. Бир катар телеканалдар маалымдагандай, Трамп Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин айтты:

- Эмне болорун көрөбүз. Кездешүү 12-июнда да болуп калышы ыктымал. Азыр алар менен сүйлөшүп жатабыз. Алар жолугушууну абдан каалашат. Биз дагы.

Бейшемби күнү Трамп 12-июнга пландалган Сингапурдагы саммит болбойт деп жарыялаган. Буга Пхеньяндын достукка жатпаган билдирүүлөрү себеп болгону айтылган. АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон кездешүүгө даярдык тууралуу кайрылууларына Түндүк Корея бийлиги жооп бербегенин кошумчалаган.

Пхеньян АКШнын жолугушуудан баш тартышына камтамачылыгын билдирүү менен Трамптын чечиминен кийин да диалогго даярдыгын бидирди. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш тараптарды Корей жарым өзөктүк куралдан тазалоо жолдорун издөөнү улантууга чакырды.

XS
SM
MD
LG