Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин жетекчиси иштен кетти


Эсенкул Момункулов.
Эсенкул Момункулов.

Өкмөткө караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Эсенкул Момункулов кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты Момункулов өзү “Азаттыкка” ырастады.

Иштен кетүүнүн себебин ал өзүнүн жеке чечими менен түшүндүрдү. Момункулов ошондой эле кызматтан кетүү тууралуу арызына өкмөт башчы кол койгонун, ал маалымат эмне себептен жарыяланбай жатканынан кабары жоктугун да ырастады.

Эсенкул Момункулов аталган кызматка былтыр 16-ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков буйругу менен дайындалган. Ага чейин өкмөт башчынын кеңешчиси болуп иштеп келген.

Былтыр Исаковдун дагы бир токтому менен мекеменин макамы жогорулатылган. Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү деп аталган мекеме Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги болуп кайра түзүлгөн. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG