Отуз беш "жемкор" кайырмакка илиндиби?
Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбеков февралда жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү боюнча маалымат берилди. Анда бийлик өкүлдөрү күрөш алкагында Бишкек Жылуулук электр борбору, тарых музейи сыяктуу чуулгандуу иштер ачылып, бейтарап жүрүп жатканын билдирүүдө. Акыркы күндөрү мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго айып тагылып, Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун аты аталган эки кылмыш иш ачылды. Муну мурдагы президент Атамбаевдин командасына карата саясий куугунтук катары баалагандар бар. Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү бейтарап жүрүп жатабы? Бул суроого бүгүнкү талкуубузда жооп издейбиз. Талкууга Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков, “Жаңы доор” партиясынын лидери, саясатчы Улукбек Кочкоров жана политолог, социалог Самар Сыргабаев катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды