“Таза коомдун” тагдыры эмне болот?
Кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорунун ордуна мурда сунушталып келген "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат. Анын алкагында жыл аягына чейин Бишкек шаарындагы жолдорго көзөмөл камералар орнотулуп, долбоор ишке кирерин убада кылышты. Эми ал долбоор унутулабы же уланабы? Бул суроолор “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууланды. Талкууга Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, “Таза коом” долбоорунун экс-координатору Талант Султанов, Тейлөө жана камсыздоо программаларын түзүүчүлөрдүн ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Мукамбетова жана интернет технологиялары жаатында демилгелерди көтөрүп келген жарандык активист Чоробек Сааданбек катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды