23-24-июнь күндөрү АКШнын Огайо штатындагы Цинциннати шаарында “Кыргызстандын мурастар күнү” («Kyrgystan Heritage Weekend») иш-чарасы болуп, ага Мэриленд, Вирджиния, Нью-Жерси, Пенсильвания, Калифорния, Юта, Техас, Теннеси, Монтана, Огайо сыяктуу штаттардан келген, америкалык үй-бүлөлөр багып алган кыргызстандык балдарын жолугуштурду.
Иш-чарага Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогулов катышып, америкалык ата-энелерге кыргыз элинин маданияты, салттары боюнча асырап алган балдарга маалымат берүү маанилүү экенин белгиледи. Токтогулов кыргыз балдарын асырап алгандарга камкордугу үчүн, ал эми иш-чараны өткөргөн кыргызстандыктарга жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Балдарга кыргызстандык коомчулуктун өкүлдөрү чакан кыргызча концерт уюштуруп, улуттук маданият, салт, мамлекеттик символдор жана ыр, бийлер боюнча сабактар өткөрүлдү. (TSh)