Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Безос соңку тарыхтагы эң бай адам болду


Жефф Безос жубайы МакКинзи Безос менен Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи учурунда. 4-март, 2018-жыл.
Жефф Безос жубайы МакКинзи Безос менен Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи учурунда. 4-март, 2018-жыл.

“Амазон” компаниясынын башчысы Жефф Безос адамзаттын соңку тарыхындагы эң бай адам болуп калды. “Блумбергдин миллиарддерлер индексине" ылайык, Безостун байлыгы буга чейин башка миллиардерлер багындырган чектен ашып өттү.

Апта башында жылдык арзандатуулардан улам интернет гиганты “Амазондун” акцияларынын биржадагы баасы жогорулады. Натыйжада 54 жаштагы дүйнөнүн эң бай адамы - Безостун таза байлыгы 150 миллиард долларга жеткенин күн сайын жаңыланып туруучу “Блумбергдин миллиардерлер индекси” көрсөттү.

“Форбс” журналы миллиардерлердин тизмесин жарыялап баштаган 1982-жылдан бери Жер жүзүндө бир да адамдын байлыгы бул чекке жете элек болчу. Чириген байлардын тизмесинде экинчи сапта турган “Майкрософт” компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин байлыгы 1999-жылы эң жогорку чекке жетип, 100 миллион долларды түзгөн эле. Мынча байлыкты азыркы курс менен эсептегенде 149 миллиард долларды чапчымак. Андыктан азыр Жефф Безос багындырган жаңы чек Кыргызстандын жылдык ички дүң жыйымынан кеминде 20-22 эсе көп дегенди билдирет.

Анын негизги компаниясы – “Амазон” дүйнөдөгү эң ири интернет дүкөндү иштетет. Электрондук китеп окуучу жабдыктарды, планшеттерди да чыгарат. Эми Безос “Blue Origin” аттуу дагы бир компаниясы аркылуу туристтерди космоско учуруп, байлыгын көбөйтүүнү көздөп турат.

Ал үчүн америкалык ишкер жыл сайын “Амазондун” 1 миллиард долларга барабар акцияларын сатып, аны “Blue Origin” долбооруна салып тураарын айткан. Кийинки жылдан тарта New Shepard кемеси менен космосту көрүп келүүнү каалагандар 200-300 миң доллар төлөшү керек болот. Бирок Безос туристтик кеме дыкат сыноодон кийин гана космоско учаарын жакында айтты:

- Бул аппарат менен адамдар учушат. Биз аны болушунча коопсуз кылабыз, сыноолорду өткөрөбүз. Анан да өтө шашылбайбыз. Даяр болгонубузда гана ага кишини отургузабыз. Бир секунда да эрте эмес.

Жефф Безос Калифорниядагы маалымат жыйынында, 6-сентябрь 2012-жыл.
Жефф Безос Калифорниядагы маалымат жыйынында, 6-сентябрь 2012-жыл.

“Амазонго” айтылган сын

“Амазондун” иши жакшы жүрүп, Безостун байлыгы соңку бир канча жылда эселеп көбөйдү. Мисалы, акыркы 12 айда эле америкалык ишкердин байлыгы 60 миллиард долларга арта түштү. Натыйжада ал “Форбстун” март айында жарыяланган миллиардерлер тизмесинде алгачкы жолу биринчи орунга чыкты.

Эми анын бул аптада байлыктын жаңы чегин багындырышына “Амазондун” 16-июлда башталган арзандатуулары себеп болду. 36 саатка созула турган арзандатуулардан улам “Амазондун” биржадагы акциялары 56 пайызга өстү.

Ошентсе да мындай арзандатуу өнөктүгү нааразылык акциялары менен коштолду. 16-17-июлда “Амазон” компаниясынын Германия, Испания жана Польшадагы айрым жумушчулары иш ташташты. Алар интернет дүкөндүн кампаларындагы шарттардын начардыгын жүйө келтиришип, айлык акыны көтөрүүнү талап кылышты.

Германиядагы “Верди” кесиптик кошууну компания “жумушчулардын ден соолугунан үнөмдөө аркылуу” байып жатканын билдирди. “Амазон” компаниясы буга жооп кайтарып, жумушчуларга айлык акы адилет төлөнүп жатканын белгиледи.

"Оксфам" фонду былтыркы баяндамасында сегиз чириген байдын тапканы дүйнө калкынын тең жарымынын байлыгына барабар экенин билдирген.
"Оксфам" фонду былтыркы баяндамасында сегиз чириген байдын тапканы дүйнө калкынын тең жарымынын байлыгына барабар экенин билдирген.

Байлыктын көбү азчылыктын колунда

Учурда “Блумбергдин миллиарддерлер индексинде” экинчи орунда 95,3 миллиард доллары менен Билл Гейтс, үчүнчү катарда 83 миллиардга ээлик кылган америкалык ишкер Уоррен Баффет турат. “Фейсбуктун” негиздөөчүсү Марк Цукерберг 82,8 миллиард доллары менен төртүнчү орунда келе жатат.

Былтыр “Оксфам” эл аралык фонду Жер шарындагы байлыктын 80 пайызы дүйнө калкынын 1 пайызынын колунда экенин билдирген.

“Форбстун” март айындагы баяндамасында айтылгандай, учурда дүйнөдө 72 мамлекеттен чыккан 2200дөй миллиарддер бар. Алардын 585и Америкага, 373ү Кытайга туура келет.

АКШнын Федералдык резервинин маалыматына ылайык, Кошмо Штаттардын өзүндө бүтүндөй байлыктын 38 пайызына АКШдагы үй-бүлөлөрдүн 1 пайызы гана ээлик кылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG