Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Орусия "Твиттерде" Бутинаны бошотууга үндөгөн өнөктүк баштады


АКШдагы орус элчисинин "Твиттердеги" баракчасын карап отурган адам. 16-июль, 2018-жыл.
АКШдагы орус элчисинин "Твиттердеги" баракчасын карап отурган адам. 16-июль, 2018-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 19-июлда "Твиттерде" АКШда чет өлкөлүк агент катары айыпталып жаткан Мария Бутинаны бошотууга үндөгөн өнөктүк баштады. Министрлик "Мария Бутинага боштондук" же #FreeMariaButina хештегин колдонуп, "Твиттердеги" расмий баракчасындагы негизги сүрөтүн Бутинанын сүрөтүнө алмаштырып салды. Мекеме башка колдонуучуларды өзүнүн бул акциясын колдоого чакырды.

19-июлда Вашингтондогу консулдуктун өкүлдөрү Бутина отурган абакка барып, жолугуп келишкени кабарланды. АКШдагы Орусиянын элчилиги тараткан маалыматта "стресс менен психологиялык басымды эске албаганда Бутинанын абалы жакшы" деп айтылат.

18-июлда АКШ Орусиянын жаранына "чет элдик агент" катары каттоодон өтпөгөнү үчүн жаңы айып таккан. Буга чейин Бутинага "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган. Бутина "америкалык саясатчыларга таасир этүүгө аракеттенген, Орусиянын кызыкчылыктарын сүрөгөн жана орус бийлигинин пайдасына иштеген" деп шек саналып, 15-июлда кармалган. Москва анын камакка алынышын айыптап, муну Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Хелсинкидеги жолугушуусун утурлап атайын жасалган иш катары баалады.

XS
SM
MD
LG