Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Көк жөтөл үч эсе көбөйдү, эки наристе реанимацияда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда көк жөтөлгө чалдыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу 27-июлда "Азаттык" радиосуна республикалык Жугуштуу илдеттер ооруканасынын бөлүм башчысы Надыр Жөөбаев билдирди.

Жөөбаевдин айтымында, былтыркы жылдын биринчи жарымында 75 учур катталган болсо, быйыл жыл башынан бери 265 адам ооруду.

Учурда көк жөтөл менен ооруп жаткан эки наристе оорукананын реанимациясында жатат.

Дарыгерлер соңку жылдары диний жана башка көз караштан улам балдарын эмдетпей жаткандар көбөйгөнүн айтууда.

Көк жөтөлгө каршы эмдөөнү бала 2, 3,5, 5 айында жана эки жашында алат. Дарыгерлердин айтымында, эмделгендер бул оор илдетке чалдыкпайт. (KE)

XS
SM
MD
LG