Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо тартиби өзгөртүлдү


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-августта «Билим берүү жɵнүндɵ» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, Жогорку Кеңеш быйыл 21-июнда кабыл алган мыйзамда жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби камтылган.

Ага ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси шайлоого катышкандардын элүү пайыздан ашык добушун алганда гана "шайланды" деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да керектүү добуш ала албаса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Ага добуштардын көбүн алган эки талапкер катышат.

Экинчи шайлоодо элүү пайыздан ашык добуш алган талапкер ректор болуп шайланат. Ректорду Билим берүү жана илим министрлиги шайлоо өткөрүлгөндөн кийин он күн ичинде кызмат ордуна бекитет.

Ал эми «улуттук» макамы бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси премьер-министр тарабынан бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Буга чейинки эреже боюнча, Кыргыз улуттук университети сыяктуу бир катар окуу жайларынын ректорлорун эмгек жамаат шайлап, өкмөт бекитип келген. (NT)

XS
SM
MD
LG