Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:10

Италияда көпүрөдөгү кырсыктан каза болгондор 31 кишиге жетти


Моранди көпүрөсү.
Моранди көпүрөсү.

Италиянын Генуя шаарындагы көпүрө кырсыгынан каза болгондордун саны 31ге жетти.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазды. Маалыматка караганда, каза болгондордун экөө балдар.

16 киши жараат алып, ооруканага жеткирилген тогуз кишинин абалы оор экени айтылды. Аталган шаардагы Моранди көпүрөсү үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтөт. Анын темир жолдун үстүндөгү жарымынан көп бөлүгү урап түшкөн.

Өтүп бараткан автоунаалар да кошо кулаган. Моранди көпүрөсү 1960-жылдары курулган, бийиктиги 50 метр. Кырсыктын кесепети иликтене баштады. Алдын ала маалыматка караганда, көпүрөнү тиреп турган устун кулаган. Теракт тууралуу маалымат айтыла элек.

XS
SM
MD
LG