Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Сахалинде урандынын астында калган эки кыргызстандыктын сөөгү табылды


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кулап кеткен имараттын алдында калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан учуру.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кулап кеткен имараттын алдында калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан учуру.

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшимбет Төлбаев билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери сөөктөрдү жергиликтүү өлүкканага жеткиришти. Маркумдардын тек-жайы аныкталса, сөөктөрдү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилет.

19-августта Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир киши каза болгон. Урандынын алдынан сегиз адам чыгарылып, беш киши ооруканага жаткырылган. Дагы эки адам чатырга бастырылып калганы кабарланган.

Бейтапканада дарыланып жаткандар кыргызстандык экени аныкталды, ал эми каза болгон адам Тажикстандын жараны болуп чыкты.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуя боюнча маалымат алууга аракеттенип жатышат. Каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталууда. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG