Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Бишкекте тамакка уулангандардын баары ооруканадан чыгарылды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага тамакка ууланып кайрылган 42 адамдын баары медициналык жардам алгандан кийин бейтапканадан чыгарылды.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргендей, 40 киши 24-августта алгачкы жардамды алары менен кетишкен. Экөө бир күндүк текшерүүдөн соң чыгарылды. Абалдары жакшы.

Дарыгердин айтымында, алар "Ак кеме" мейманканасында жыйынга келген кишилер. Арасында экөө чет элдик.

Аталган мейманкана Мамлекеттик мүлк башкармалыгына карайт. Башкармалыктын жетекчиси Токтогул Тумановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, уулангандар "ЮНИСЕФ" уюмунун жыйынына келген кишилер. Алар сырттан тамактанып, ууланышкан.

- Ошол күнү отелде 150дөй адам жаткан. Мейманкананын тамагын жегендер эч нерсе болгон эмес. Сырттан тамактанып келгендер уулануу белгилери менен бейтапканага кайрылышкан,- деди Туманов.

XS
SM
MD
LG