Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:40

Ысык-Көлдө "Көчмөндөр ааламы" эл аралык фестивалы аяктайт


Кырчын. 3-сентябрь, 2018-ж.

Ысык-Көлдөгү “NOMAD” амфитеатрында өтүп жаткан “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалы 4-сентябрда башталган. Иш-чаранын жыйынтыгы бүгүн, 7-сентябрда чыгарылат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, фестивал көчмөн элдеринин этномаданий мурасын сактап калууну, даңазалоону көздөйт. Фестивал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи жолу быйыл уюштурулду.

Ага жалпы 29 өлкө жана Орусиянын карамагындагы сегиз субъекти катышып жатат.

Кыргызстан 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөн. Ага 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан. Мелдештер спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлгөн.

Ал эми 2016-жылы экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 62 өлкөнүн 1200 спортчусу катышкан. Мелдештер спорттун 26 түрү боюнча өткөрүлгөн.

Быйылкы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталган, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 70ке жакын өлкө катышууда. Программага спорттун 37 түрү кирген.

XS
SM
MD
LG