Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Түркмөнстанда автожарыш алдында эл көчө тазалап жатат


Түркмөнабад шаарындагы көчө тазалаган машина.
Түркмөнабад шаарындагы көчө тазалаган машина.

Түркмөнстанда эл аралык “Амуль-Хазар” автораллисине даярдык көрүү – Лебап облусунун жашоочулары үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратты. Жарыш 9-16-сентябрда өтөт.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы жергиликтүү тургундарга таянып кабарлагандай, автожарышка даярдыктан улам чоң жолдор толугу менен жабылып, жашоочулар көчөлөрдү тазалоо иштерине мажбурлап тартылууда.

Түркмөнабад шаарынын четиндеги жолдор жабылып, жумушка же ооруканага бараткан кишилер үчүн кыйынчылык пайда болду.

“Амуль-Хазар” автожарышына түркмөн президенти Бердымухамедов өзү катышары маалымдалган. Телеканалдар өлкө башчысы уулу менен бирге унаасын Каракумда сынаганы тууралуу репортаж көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өтө турган жолдордун жээгиндеги талааларда пахтанын ачылышы кечигип жаткандыктан, пахта бутагына ак булаларды жабыштырып жатышканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG