Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Жогорку Кеңеште Кытай менен мамиле сынга алынды


Кытайдын жана Кыргызстандын желектери.
Кытайдын жана Кыргызстандын желектери.

Жогорку Кеңештин 12-сентябрындагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилеси начарлап кеткенин айтып, буга Тышкы иштер министрлигинин чабал иши негиз болуп жатканын билдирди. Депутат мындай пикирин Кытай кыргызстандык жарандарга виза берүүнү татаалдаштырып жибергенин, эки жылдан бери бул жагдай элди кыйнап келатканы менен негиздеди. Кырдаалды калыбына келтирүүгө аракет көрбөй жатат деп тышкы иштер министрин күнөөлөдү.

Жыйынга катышып отурган тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытай виза жаатында Кыргызстан менен гана эмес, Казакстан, Беларус жана башка мамлекеттер менен да ушундай мамиледе экенин айтты. Ошондой эле дипломатиялык ымала өз нугунда баратканын кошумчалады.

Эмил Токтошев министрдин виза боюнча берген жообу ынандырарлык эместигин айтып, башка мамлекеттердин жарандары Кытайга барууда виза түйшүгүнө көп кабылбай турганын билдирди. Кесиптешинин сөздөрүн "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешев да колдоп, министрлик бул көйгөйдү чечиши керектигин айтты.

2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон. Андан бери Бээжин кыргызстандыктарга виза берүүнү татаалдаштырган.

XS
SM
MD
LG