Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Жогорку Кеңеш Кочкоров менен Жаманкуловду кызматка бекитти


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-октябрда өткөн жалпы жыйынында депутаттар эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызматына Улукбек Кочкоровду, маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына Азамат Жаманкуловду көпчүлүк добуш менен бекитти.

Кочкоров менен Жаманкуловдун талапкерлигин парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуш кылган.

Эки талапкер тең бекитилгенге чейин депутаттардын суроолоруна жооп берип, иш пландарын айтышты. Жыйынтыгында көпчүлүк эл өкүлдөрү экөөнө тең ийгилик каалап, колдоп беришти.

Эреже боюнча, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына талапкерди өкмөт башчы сунуш кылып, парламент бекитет.

Азамат Жаманкулов 31 жашта. Ушул кезге чейин министрдин орун басары жана мекемеге караштуу Туризм департаментинин жетекчиси болуп иштеп келген.

Мурдагы министр Султан Жумагулов быйыл 8-октябрда онкологиялык дартта​ 59 жашында көз жумду.

44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында "Ата Журт" партиясынан депутат болгон. Былтыр президенттик шайлоодо да ат салышкан. Учурда "Жаңы доор" саясий партиясын жетектейт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана анын орун басарларынын орду 11-октябрдан бери бош турат. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуш кылган. Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган. (NT)

XS
SM
MD
LG