Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Эксперттерди ала жаткан "экстер"


ЖЭБ. Иллюстрациялык сүрөт.
ЖЭБ. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча камакта отурган Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын мурдагы жетекчилеринин кылмыш иши төрт айдан бери тергелип бүтө элек.

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Кайрат Мусаев баштаган үч киши ушул жылдын июль айында камакка алынган. Башкы прокуратура аларды “ЖЭБдеги курулуш тууралуу документтерди иликтебей туруп мыйзамсыз корутунду чыгарган” деп айыптаган. Эксперттердин жакындары, адвокаттары болсо мындай дооматтар негизсиз экенин айтып жатышат.

Мирлан Турсуналиев июлда ЖЭБге байланыштуу камакка алынганга чейин Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын курулуш-техникалык экспертиза бөлүмүн жетектеп турган. Карындашы Индира Турсуналиеванын айтымында, кылмыш иши негизсиз козголгон жана тергөөнүн мөөнөтү ай сайын негизсиз узартылып жатат.

- Булар мындай караганда жөн эле камалып жатат, - деди ал. - Тергөө туңгуюкка кептелип, аларга айып тага албай же коё бербей отурат. Эптеп бир нерсе кылып соттош керек болуп жаткандай. Кайра экспертиза кылып, өздөрүнө жаккандай корутунду чыгарып алганы жатышат окшойт. Эгер кайра экспертиза дайындалса, шашпай текшеришсе, анда эки жылда корутунду чыгат экен. АКС (УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы) жөнөкөй эксперттерге басым кылган, ошондуктан аларга кандай айтылса, ошондой көрсөтмө беришкен. Менин агам "көзөмөлдөдү" деген сөз үчүн эле камакта отурат. Камакта отургандар буларга жакпаган корутунду чыгарышкан. Агам болсо: "Биз аларга жаккан корутундуну кантип чыгарабыз? Чыгашалардын баасын берген эмес, “ушунча миллион “желген”, ошону баалап бергиле” деген эмес. “Болгула эле болгула, бир нерсе алып келгиле” деп шаштырган. Биз экспертиза кылганда “кыштан жасалган, шыбак кылынган” деп эле корутунду чыгарабыз, башка эч нерсе айта албайбыз" дейт.

Мирлан Турсуналиевдин сырткары, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын ошол кездеги жетекчиси Кайрат Мусаев менен анын орун басары Алмаз Медеров да камакка алынган. Башкы прокуратура эксперттердин камалышы тууралуу ошондо гана учкай эле мааалымат берген. Ага ылайык, ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде комплекстүү соттук-курулуш-техникалык экспертиза дайындалган. Эксперттик топко жетекчилик басым кылган жана анын натыйжасында документтер иликтенбей, кандайдыр бир экспертиза жүргүзүлбөстөн мыйзамсыз корутунду чыгарылган. Кылмыш иши 2-июлда “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо” беренелери менен козголгон.

Буга чейин ЖЭБге байланыштуу камакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов “эксперттер айыптоочу тараптын божомолуна ылайык келбеген корутунду чыгарылганы үчүн камалды” деп айтып чыккан.

Кайрат Мусаевдин адвокаты Муса Мамытов “жетекчилик эксперттик топко басым кылган” деген дооматты четке кагып жатат. Анын айтымында, корутундуга кол койгон эксперттин жоопкерчилиги каралбай, ал күбө катары өтүп жатат:

- Кайрат Мусаев жетекчи катары эле орун басарын, бөлүм башчысын чакырып алып "тезирээк бүтүргүлө" деп эле айткан, - дейт адвокат. - Корутундуга эксперт кол койгон. Негизи мыйзам боюнча ошол жооп бериши керек эле. Эгер ал туура эмес корутунду чыгарса, анда ошол бала камалышы керек эле, ал азыр күбө катары эле өтүп жатат. Эмне себептен азыркы үч адамды камаганы да түшүнүксүз. Чын-чынына келгенде экспертиза туура эле жүргөн экен. Ал жакта бир эле эмес, абдан көп эксперт катышкан. Алар ЖЭБге барып, текшерип, "бул жерде эч кандай зыян жок" деген корутунду чыгарышкан. Негизи эле ЖЭБ боюнча документтер жок. “Канча акча келген, кайсы жактан которулган, ким которгон, ким алган, ким иштеткен?” деген суроолорго жооп жок. Төрт айдан ашык убактан бери бир да тергөө иши жүргүзүлгөн жок, жөн эле камакта отурушат.

Соттун соңку чечими менен тергөөнүн мөөнөтү 28-ноябрга чейин узартылган.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов эксперттердин кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатканына байланыштуу комментарий берилбей турганын айтуу менен чектелди.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, коюлган айыптар тергөөдө кынтыксыз далилдер менен бекемделиши керек.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Ал курулуштун баасын аныктай турган экспертиза да. Бул жерде мыйзамдуу далилдер керек, - деди депутат. – Мыйзамдуу далил бар-жогун эми тергөө аныктайт. Айыпталгандарга коюлган дооматтар - башкача айтканда жең ичинен сүйлөшүп алганы, реалдуу баасын бурмалаганга аракет кылганы, кызмат абалынан пайдаланып, экспертизанын жыйынтыгын бурмалаганы - толук, ынанымдуу далилдер менен бекемделиши керек. Ынанымдуу далилдер болгондо гана иш сотко өтөт. ЖЭБди ийне-жибине чейин иликтөө чынында эле кыйын да. Ал жерде эмне деген гана жабдуулар бар, алардын реалдуу баасы канча болгон деп аныктоо кыйын. Мисалы, аттиштин баасы эле 600 доллар деп жатпайбызбы, ал жерде адамдын тиши өтпөгөн техника бар да, анын баарын иликтеп чыгыш керек.

Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев ЖЭБдеги жагдайды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. Ал депутаттык комиссиянын корутундусун эске салды:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- “ЖЭБ долбоорун ишке ашыруу туура эмес болгон” деген жалпы корутундубуз бар. Бул жерде кимдин кандай күнөөсү бар экенин тергөө аныктайт. Биз, комиссия, “ЖЭБ эмнеге оңдолду, пайда-зыяны кандай болду” деп тактайлы деп түзүлгөнбүз да. Албетте, ал жерде мыйзам бузуу болгон. Кимдин канча күнөөсү бар экенин тергөө тактайт.

Быйыл жыл жаңырганда Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Аны жаңылоодо коррупцияга жол берилгени айтылып, бир канча кылмыш иши козголгон жана экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган 15тей адам камакка алынган. Камактагылар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG