Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

Өмүрзаков Ош прокуратурасынан Баткенге которулду


Улук Өмүрзаков.
Улук Өмүрзаков.

Ош облустук прокуратурасында бөлүм башчы болуп иштеген Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына которулду. Бул кезектеги ротация экенин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 26-ноябрда "Азаттык" радиосуна билдирди.

Улук Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, "Мухаммед Умар" спорт клубунун ээси. Аталган клубда машыккан жигиттердин өкүмзорлугу тууралуу кийинки жылдары бир катар маалыматтар чыккан. Өмүрзаков аны куру доомат катары баалап жүрөт.

Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына кандай кызматка барганы айтылган жок.

Баса, сентябрь айында Азаттык Ошто ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайын иликтегенде да Улук Өмүрзаковдун аты аталган.

XS
SM
MD
LG