Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяны текшерилүүдө


Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын рейди.
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын рейди.

Бүгүн Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция Бишкек шаарындагы автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө.

Мекеменин адистери көпчүлүк учурда тийиштүү нормадан ашыкча уулуу зат бөлүп чыгарып жаткан машинелер эскиргенин же алардын техникалык абалы начар экенин белгилейт. Инспекторлор жүргүзүп жаткан рейддин жыйынтыгында абаны булгап жаткан автоунаалардын айдоочуларына айыппул салынып, эскертүү берилди.

Автоунаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугу атайын жабдык менен текшерилет. Эгер жеңил машиненин түтүнүн өлчөгөндө жабдыктын көрсөткүчүндөгү пайыз 40дөн ашса, ал нормадан ашыкча деп эсептелет. Рейд учурунда эски маршруттук унаалардын көрсөткүчү 80-90го чейин жеткен учурлар болду. Алардын айдоочуларына 1000 сом айыппул салынды. Мыйзамга ылайык эгер бир эле автоунаа бир айдын ичинде эки жолу ошол эле көрсөткүч менен кармалса, унаа токтотуучу жайга жеткирилет.

Мындай рейддер жыл сайын өткөрүлүп турат. Акыркы убакта Бишкек шаарынын үстүндөгү бозоргон түтүн (смог) жарандардын тынчын алып, экологиялык маселеге коомчулуктун көңүлүн бурду. Айрым экологдор абадагы зыяндуу заттардык концентрациясы нормадан бир нече эсе көп экенин айтышууда. (KR/AiN)

XS
SM
MD
LG