Коррупцияга каршы күрөш күчүндөбү?
Акыркы апталарда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча талкуулар менен коштолду. Миллиондогон долларга жеткен паранын жаңы “рекорду” ачыкка чыгып, мүлкүн жашырган мурдагы жетекчиге кылмыш иши козголду. Мунун баарын бийлик коррупцияга каршы күрөш күчүндө деп бааласа, экс-президент Алмазбек Атамбаев “элди алдоо” деп сыпаттады. Миллиондогон сомдорду сол чөнтөккө сологон коррупцияга каршы күрөштүн күңгөй-тескейин “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууланды. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Соорокулова, Улуттук коопсуздук комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов жана УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Эсенбаев катышты.
Чыгарылыштар
-
Июнь 18, 2026Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?
-
Июнь 09, 2026"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?