Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Жозе Моуринью "Манчестер Юнайтедден" кетти


Жозе Моуриньо УЕФАнын финалдык мелдешинде. Стокгольм, 24-май, 2017-жыл.
Жозе Моуриньо УЕФАнын финалдык мелдешинде. Стокгольм, 24-май, 2017-жыл.

"Манчестер Юнайтед" футбол клубунун машыктыруучусу Жозе Моуринью бул кызматтан кеткенин клуб "Твиттердеги" баракчасына жарыялады.

55 жаштагы португалиялык машыктыруучу бул кызматка 2016-жылдын май айында келген. Андан бери команда бир катар мелдештерди, анын ичинде Англиянын суперкубогун, Футбол лигасынын кубогун уткан жана 2017-жылы УЕФАнын Европа Лигасы турниринде "Манчестер Юнайтеддин" тарыхында биринчи жолу жеңишке жеткен. 

Кийинки башкы машыктыруучу ким болору азырынча белгисиз, клубдун жетекчилиги анын аты-жөнүн жакын арада жарыяларын кабарлады. 

Маалыматтарга караганда, Моуриньюнун кетишине команданын бул сезондогу ийгиликсиз көрсөткүчтөрү түрткү болгондой. "Манчестер Юнайтед" ушу тапта Англия чемпионатында алтынчы орунду ээлеп турат.

Жекшембиде "кызыл шайтандар" "Ливерпулга" 1:3 эсебинде утулуп калышкан. Ошондон улам команданын күйөрмандары Моуриньюнун кетишин талап кылып жатышкан. 

 

XS
SM
MD
LG