Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Үч астронавт космостон кайтып келди


Космонавттарды Казакстанда адистердин жоон тобу тосуп алды.
Космонавттарды Казакстанда адистердин жоон тобу тосуп алды.

Эл аралык космостук станциянын үч астронавты космосто 197 күн өткөргөндөн кийин Жерге кайтып келди. Германиялык Александер Герст, америкалык Серена Ауньон жана орусиялык Сергей Прокопьев отурган космостук капсула 20-декабрда таң эрте Казакстандын аймагына конду.

Александр Герст бул аптанын башында Эл аралык космостук станциянын командирлик милдетин орусиялык Олег Кононенкого өткөрүп берди. Кононенко күзүндө болгон авариядан кийин биринчи жолу учурулган "Союз" кемеси менен декабрдын башында космоско жеткен.

11-декабрда Коненко менен Прокопьев космостук станциянын сыртына чыгып, август айында станцияга чиркелген кемеде 1,5 миллиметрлик табышмактуу тешик эмнеден пайда болгонун иликтөөгө аракет кылышты. Прокопьев тешиктин жанында топтолгон үлгүлөрдү Жерге ала келди.

Буга чейин орусиялык маалымат агенттиктери бул үлгүлөр Федералдык коопсуздук кызматынын лабораторияларында текшерилерин, анын жыйынтыгы жашыруун сакталышы мүмкүн экенин кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG