Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

2019-жылы электромобилдер каттоо төлөмдөрүнөн бошотулат


Автоунаа базары.
Автоунаа базары.

2019-жылы электр кубаты менен иштеген автоунаалар каттоо төлөмдөрүнөн бошотулат. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылы чыгарган токтому 2019-жылдын 31-декабрына чейин күчүн жоготпойт. Башкача айтканда электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилди.

Ал эми гидриддик моторлуу автоунаалардын каттоо төлөмдөрү күйүүчү май менен жүргөн унаалардын төлөмдөрүнөн эки эсе азайтылды.

Муну менен өкмөт эскирген автотранспорт каражаттарын азайтууну жана Кыргызстанга электр, гибриддик кыймылдаткычтуу машиналарды ташып келүүгө шарт түзүп, өлкөдөгү автоунаа паркын жаңыртууну максат кылууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы, июндун башында Кытайга мамлекеттик сапары менен барганда электромобил маселесин көтөрүп, биргелешкен завод курууну сунуш кылган. Ушундан улам эксперттер эми Кытайдын машинелери келиши ыктымал экенин белгилеп жатышат. (KR)

XS
SM
MD
LG