Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Кыргызстанда Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү


Кыргызстандагы нан азыктарын өндүрүүчү ишкана. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы нан азыктарын өндүрүүчү ишкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкер субъектилеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо боюнча иш алып барат. Анын өз катчылыгы болот жана алар ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт. Бизнес-акыйкатчы жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт.

Бизнес-акыйкатчынын кызмат ордун каалаган жаран (анын ичинде чет элдик жаран) ээлей алат жана кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматта эки мөөнөттөн ашык иштей албайт.

Өкмөт бул институттун ишмердигин каржылоо өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашырылаарын кабарлап, бирок качан дайындалаарын белгилеген эмес.

Бизнес-акыйкатчы институтун түзүлөрүн Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт былтыр апрелде жаңы ишке киришкенде өз программасынын алкагында жарыялаган. Өкмөт башчы июнь айында Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында да бул боюнча убадасын кайталаган. Ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Араванда цемент заводунун ачылышына катышып жатып Бизнес-акыйкатчы мекемеси түзүлөөрүн билдирген.

Буга байланыштуу айрымдар жыл башында айтылган бул институтту уюштуруу кечеңдеп жатканын сынга алып чыгышкан. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG