Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Президент фракция лидерлери менен шайлоо мыйзамдарын талкуулады


Сүйлөшүү учурунда тартылган сүрөт. 14-январь, 2019-жыл.
Сүйлөшүү учурунда тартылган сүрөт. 14-январь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушту.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү деп жарыялоо жөнүндөгү чечим, 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга карата шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы тууралуу сүйлөшүп, Жогорку Кеңешти алардын багыттарын ишке ашырууга кызуу киришүүгө чакырды.

Жээнбеков парламентке жакын арада кабыл алынышы керек болгон шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төрт мыйзам долбоору кароого жөнөтүлгөнүн айтты.

"Шайлоо жөнүндө мыйзамдар аны менен алдын ала бардыгы жакшылап таанышып чыгып, "ал мындан ары өзгөрбөйт" деген бекем ишеним менен шайлоого катыша тургандай болуп, шайлоого бир жыл калганда турукташуусу зарыл", - деди Жээнбеков.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.

XS
SM
MD
LG