Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

"Республика моюнча” болбойт...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мойну узун кыз-келиндерди “турна моюн экен” деп коюшкан.

“Моюн” - орусчасы “шея”. “Мойну узун экен” дейт. Мойну өтө эле кыска адамды “бир моюн экен” деп да коет.

“Алар бирин-бири көптөн бери көрбөгөндүктөн, моюн алышып учурашты” дейт.

“Колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың” дейт. Мисалы, кылмыштуу ишти колуң менен жасасаң, бирөөдөн пара алсаң, же бирөөнү муштап, көзүн чыгара койсоң, жазаланасың, түрмөгө түшүп, кылган кылмышыңды башың менен тартасың дегени.

“Жоктун жону катуу өгүздүн мойну катуу” деген макал бар.

“Чийненин дөңгөлөгү жинди кыздын мойнундай шылкылдап келе жатты” дейт.

“Моюн толгоп басып кетти” дейт. Тил албай басып кетти дегени. “Балдардын каны акыретте да анын мойнунда” дейт. Кылган кылмышы тиги дүйнөгө барганда да унутулбайт дегенди айтып жатат.

“Кылмышын мойнуна кое албай жатышат” дейт. “Мойнуна курун салынып, кечирим сурады” дейт. “Кыйынчылыкты моюнга салып көтөрүү керек” дейт.

Кыргыздар чоң балдарды “кара моюн уландар” деп, ал эми андан жашыраак балдарды “кызыл моюн уландар” деп коюшкан. Кедей, жакыр жашаган кишилерди “күйүк моюндар” деген.

“Бирөөнүн ашына мойнуңду салба” дейт. Бөлөк бирөөнүн байлыгына же менчигине баскынчылык кылба деген.

“Мойнун жерге салыптыр, жеткире чуркап алыптыр” деп Каныкейдин Тайторусун айтканын эсиңерге сала кетейин.

“Кана, шайтан мойнун сындырып, бир жарашып албайлыбы?” дейт. Элдешип албайлыбы дегени.

Эми “моюнча” деген сөзгө келсек. Кыргызда эки жаштагы торпокту “моюнча” деп коет. “Кашаң аттан көрө моюнча артык” экен деген бар. Бул деген кашаң ат мингенден көрө торпок минип барган жакшы экен дегенди билгизет.

“Ашым менен Жакып моюнча өсүшкөн” десе, чогуу ойноп өсүшкөн дегенди айтып жатканы.

“Моюнча” сөзүнүн же “моюнчак” сөзүнүн экинчи мааниси улак менен козунун мойнундагы жипти да ушинтип айткан.

Бир кызыгы мына ушул “моюнча” деген сөздү биздин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков такай айтат. Бирок парламенттин төрагасы болгондуктанбы, тилди жакшы билген депутаттардын бири же жардамчылары “сиз моюнча деп ката айтып жатасыз, моюнча эмес, боюнча” деп түздөп койгонго жарай элек.

Ошондуктан “Республика моюнча” эмес, туурасы “Республика боюнча”, “президенттин айтканы моюнча эмес, туурасы “президенттин айтканы боюнча”. “кадрлар маселеси моюнча эмес, кадрлар маселеси боюнча иш жүрбөй жатат” десек туура болот.

Мыйзам чыгаргандары менен өздөрү тил мыйзамын бузуп, теңирден тескери сүйлөп келаткандар кыргыз парламентинде кадимкидей нормага айланып калган терс көрүнүштөрдүн бири.

Ошондуктан жаштардын эле эмес, жалпы эле эне тилдин тазалыгына тескери таасирин тийгиздирбеш үчүн сессияны КТРдан берүүнү токтотуп кое турган мезгил келди.

Кыргызда “ылаа” деген сөз барын, ылаа деген майда кара чымынды билдире турганын баарыбыз эле билбейт болушубуз керек.

“Аттар ылаалап турду” дейт. Балким сиздер да көргөн чыгарсыздар, күндүн ысыгында мурду-башына кара чымын жабалактап, алардан коргонуп, куйругу менен чапкылап, баштарын аркы-терки чайкап турган жылкыларды.

Ошону “ылаалап” турат дешкен. Айрым убактарда бул сөз адамдарга карата да айтылган. Эсенаман экөө ылаалап турушту да тарап кетишти дейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG