Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде ок тийген адам каза болду


Чек арадагы жоокерлердин көзөмөл мунарасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек арадагы жоокерлердин көзөмөл мунарасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасына жакын мыйзам бузуу боюнча шек саналган адам жоокерлер аткан октон каза тапты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, 23-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аймагында кыргыз тараптан 15 чакты жылкыны айдап, Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткандар аныкталган.

Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" билдиргендей, ал жерге чек арачылар барып, мыйзам бузгандарды кармоого аракет кылганда шектүүлөр каршылык көрсөтүп, жоокерлерге бычак шилтешкен. Коопсуздукту коргош үчүн чек арачылар асманга ок атып, эскертүү беришкен. Ага карабай, беркилер каршылык көрсөтө бергендиктен, жоокерлер ок атып, бирөө жарадар болгон.

- Анын эки шериги Казакстан тарапка качып өтүп кеткен. Октон жарадар болгон жаран биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда көз жумду, - деди Бөрүбаева.

Бул тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын тийиштүү органдарына кабар берилди. Окуя жана шектүүлөрдүн тек-жайы иликтенип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG