Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Ирак: түрмөдөгү тажиктер балдарын мекенине кайтарууга каршы


Ирак сотундагы тажик аялдары. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Ирак сотундагы тажик аялдары. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Ирактын абактарында отурган тажик аялдары балдарын мекенине жиберүүдөн баш тартып жатышат. Маалым болгондой, жалпысынан Ирактан Тажикстанга жөнөтүлө турган 95 бала каттоодон өткөн. Бирок мыйзамга ылайык террордук топтун катарына кошулганы үчүн айыпталып, Ирактын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан энелери ага макулдугун бериши керек.

Бул тууралуу Тажикстандын Кувейттеги жана Ирактагы элчиси Зубайдулло Зубайдзода «Азаттыктын» тажик кызматына айтты. Ал айыпталган 43 аялдын 15и балдарын мекенине жөнөтүүдөн баш тартышканын билдирди. Элчи Иракта кесилген аялдардын туугандары менен байланышта экенин жана кандай болбосун балдарды кайтарууга аракет кылып жатышканын кошумчалады.

Расмий статистикага караганда, Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарына 400дөн ашуун тажикстандык аял кошулуп кеткен. Жакында эле Казакстандын бийлиги Сириядагы лагерлерден 47 жаранын, анын ичинде 30 бала, 11 аялды мекенине кайтарды.

XS
SM
MD
LG