Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Түркмөнстанда студенттерге жеке такси менен жүрүүгө тыюу салынды


Түркмөнстанда жогорку окуу жайдын студенти кышкы каникул маалында мамлекеттик ишканага таандык учак, поезд жана автобус менен жүрүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу өлкөдөгү студенттердин ата-энелери билдиришти.

25-январда жогорку окуу жайларга сынак аяктап, 12 күндүк кышкы каникул башталат.

«Студенттерге мамлекеттик ишканаларга таандык учак, поезд жана автобус менен жүрүшү керектиги эскертилди. Алардын жеке такси менен жүрүүсүнө тыюу салынды. Каникулдан кайткандан кийин алар билеттеринин көчүрмөсүн деканатка тапшырышы керек экен» деп билдирди ата-энелердин бири.

​ЖОЖ жетекчилиги мындай талапты жеке такси айдоочулары тараптан студент кыздарга карата ыдык көрсөтүү учурларын алдын алуу аракети менен түшүндүрүүдө.

Ошол эле маалда студенттер учак, поезд жана автобус үчүн билеттер тартыш болуп жатканын билдирүүдө.

«Учурдан пайдаланып темир жол жана авиакассалардын жумушчулары билет баасын жогорулатып жиберишти. Алар билет жок деп жатышат. Бирок тааныштар аркылуу үстүнө 50% кошуп алууга болот. Мындай мүмкүнчүлүк бардык эле студенттерде жок» деди жаштардын бири.

Студенттердин ата-энелери мындай чектөөлөргө нааразы болуп, балдары өз учурунда үйгө кайта албай жаткандыгына даттанууда.

XS
SM
MD
LG