Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Жол кырсыгынан журналист каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар маалымат каражаттарында иштеп келген журналист Жайнагүл Тазабекова 10-февралда жол кырсыгына кабылып каза болду.

Анын жакындарынан алынган маалымат боюнча, түнкү саат эки чамасында журналист үй-бүлөсү менен түшкөн автоунаа Ак-Өргөө жаңы конушундагы Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишинде мамыны сүзүп, натыйжада 28 жаштагы келин алган жараатынан ооруканага жетпей көз жумган. Өмүрлүк жолдошу менен алты айлык баласынын абалы канааттандырарлык деп айтылууда.

Жайнагүл Тазабекованын артында алты айлык кызы калды.
Жайнагүл Тазабекова "Биринчи радио", "Санжыра" радиолорунда жана "Ала-Тоо 24", "Пирамида" телеканалдарында иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG