Македония атын өзгөртүп, Түндүк Македония Республикасы болуп калды. Бул тууралуу чечим расмий түрдө 12-февралдан тартып күчүнө кирди. Мунун алдында өкмөттүк мекемелер өздөрүнүн эн белгисин, логотибин да өзгөртө башташты.
Январдын соңунда Грекия өзүнүн коңшусу менен анын аталышы тууралуу бир чечимге жетишкен. Македонияны Түндүк Македония деп атоо тууралуу чечим эки өлкөнүн парламентинен тең колдоо тапкан.
Грекиянын өкмөтү 1991-жылдан бери Македониянын аталышына каршы чыгып, өз аймагында дал ушундай эле аталган аймак бар экенин, бул кийин жер талашка себеп болушу мүмкүн болорун билдирип келген.
Узак жылдарга созулган талаш жөнгө салынса, Македониянын НАТО менен Европа Биримдигине кошулушуна жол ачылат.