Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

Башкы прокурор парламентте ЖЭБдеги коррупция боюнча маалымат берүүдө


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берип жатат.

Анын айтканы боюнча, ЖЭБди оңдоо иштеринен мамлекет 89,6 млн. зыян тарткан. Башкы прокурордун маалыматына караганда, жыл сайын ЖЭБди оңдоого мамлекет 400 млн сом бөлөт.

- Айрым мамлекеттик кызматкерлердин жасалма фирмалары аркылуу көп акча башка максаттарга жумшалып кеткен. Бардык курулуш материалдарынын баасы кымбат көрсөтүлгөн, - деди Жамшитов.

Бишкек ЖЭБинде 2018-жылдын январында болгон авариянын жана оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын депутаттык комиссия иликтеген. Анда “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзүлгөн.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана башкалар бар.

Комиссиянын төрагасы Улан Примов Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбай калганын айткан. Натайжада ЖЭБге байланыштуу төрт кылмыш иши козголуп, өкмөт башчылар баш болгон 15тей аткаминер, кызматкер камалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG