Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Венесуэлалык депутат бийликти гумжардам киргизүүгө чакырды


Президент Николас Мадуро өзүн колдогон аскерлер менен.
Президент Николас Мадуро өзүн колдогон аскерлер менен.

Венесуэланын бийлиги буга чейинки билдирүүлөрүнө карабай гуманитардык жардамды алып кирүүгө уруксат берет. Бул тууралуу шаршемби күнү Улуттук Ассамблеянын депутаты Хенри Рамос Аллуп билдирди.

Күн сайын айтып, айткан сайын жаңылган бул бийлик гумжардамды өлкөгө киргизүүгө уруксат берет. Анткени мындан кача албайт, бийликтин териси жука", - деген депутаттын сөздөрүн “Насьональ” гзатесы жазды.

Өлкө оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо гуманитардык жардам Венесуэлага 23-февралда келе турганын шейшемби күнү билдирген. Ошол эле учурда президент Николас Мадуро АКШ жөнөткөн жардамды киргизүүгө уруксат берилбей турганын айтып жатат. 

АКШнын президенти Дональд Трамп 13-февралда Ак үйдө Колумбиянын президенти менен жолуккандан кийин журналисттерге жооп берип, ​"биз ачка жаткан адамдарга тамак жеткирүүгө аракет кылып жатабыз" деп билдирди. 

- Венесуэлада адамдар ачка жатат. Бул өкмөткө туура эмес адамдар келсе эмне болорун айгинелейт. Эгер өкмөтүң жаман болсо, жаман нерселер орун алат. Бирок силерде курсагын тойгуза албай жаткан толтура адамдар бар. Биз ошолорго жардам берип, ири өлчөмдө азык-түлүк жеткирип жатабыз, - деди Трамп.

Түштүк Америкадагы бул өлкө акыркы жылдары социалдык-экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. Парламенттин финансы боюнча комитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылы инфляция 1,7 млн. пайызды түзгөн. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Венесуэладан 3 млн. ашуун киши чыгып кеткенин билдирди. 

 

XS
SM
MD
LG