Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:01

Ош-Ташкент-Ош авиакаттамын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды


Ибрагим Жунусов жана Толиб Улжаев.

Ош-Ташкент-Ош багытында авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү карала баштады. Бул маселе Ташкент шаарында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдун Өзбекстандын Учуунун коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Толиб Улжаев менен жолугушуусунда талкууланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аба каттамдары боюнча азыркы абал жана келечек тууралуу кеңири сөз болду. Өзбекстандык туристтердин Ысык-Көл жээгинде эс алышын уюштуруу жигердүү жүрүп жатканы белгиленди.

Кыргыз тарап Ташкент-Тамчы каттамындагы чартердик каттамдарды кайрадан баштоону сунуш кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG