Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:19

АКШнын соту Мария Бутинага өкүм чыгарууну кечеңдетүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын соту 26-февралдагы соттук отурумда айыпталуучу тараптын өтүнүчүнө карабай, тыңчылык боюнча айыпталып жаткан орусиялык Мария Бутинага карата чечим чыгаруу күнүн белгилеген жок. Прокурорлор тергөө иштерин аягына чыгарууга убакыт керек экенин билдиришти. Жактоочусу Роберт Дрисколл Бутина соттун чечимин угууга даяр экенин билдирди. Келерки соттук процесс 28-мартта өтмөй болду.

АКШнын бийлиги Бутина жаза мөөнөтүн Кошмо Штаттарда өтөйбү же Орусияга депортация болобу деген маселени чечип жатат. Коргоочу тарап ал ушул убакытка чейинки абакта отурган мөөнөтү эсептелип, АКШдан чыгарылат деп үмүттөнүүдө.

АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент, орусиялык «Курал укугу» деп аталган уюмдун мүчөсү Бутина былтыр июлдун ортосунда кармалган. Ал «саясий топторго таасир этүүгө аракеттенген», «чет элдик агент» деп айыпталган. Мындан тышкары каттоодон өтпөгөн «чет элдик агент», «чет элдик тыңчылар менен кызматташкан» деген кине коюлган.

Ал буга чейин чет элдик агенттер жөнүндө америкалык мыйзамды бузганын мойнуна алган. Калган айыптарды, анын ичинде «Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн» дегенди четке каккан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Торшин менен байланышып, АКШдагы таасирдүү «Улуттук курал ассоциациясы» аркылуу орустардын кызыкчылыгына кызмат кылган. Торшин бул иш боюнча айыпталган эмес, ал АКШ былтыр апрелде киргизген санкцияга илинген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинаны «саясий туткун» деп атаган.

XS
SM
MD
LG