Былтыр 4-мартта бул жерде Сергей жана Юлия Скрипаль эс-учун жоготкон абалда табылган. Британ бийлиги алар нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылганын айтып, бул үчүн Орусияны айыптаган.
Узакка созулган дарылануудан кийин Скрипалдардын айыкканы кабарланган.
Мэй бул бир жылдык убакыт коркунучтуу окуяны башынан өткөргөн Солсбери үчүн маанилүү экенин айтып, бул шаардын жашоочулары кайраттуу экенин белгиледи. Британ премьер-министри парламент мүчөсү Жон Глен менен кошо эки дүкөнгө кирип, алардын кожоюндары менен сүйлөштү, шаардыктар менен аңгемелешти.
Ал шаардагы аскер жана чукул кырдаалдар кызматынын кызматкерлерине да ыраазычылык билдирди.
Солсбериде коопсуздукту калыбына келтирүү иши өткөн жумада аяктаган.
Расмий Лондон Скрипалдарга кол салууну орусиялык агенттер ишке ашырганын билдирсе, Москва бул окуяга Орусия катышканы тууралуу дооматтарды кескин четке кагып жүрөт.