Кыргызстан Ооганстандагы тынчтыкты, ошол эле учурда чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө иштерине салым кошот.
Мындай пикирин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани менен телефондо сүйлөшкөн учурда айтты. Сүйлөшүү 8-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен болду.
Министрлер эки тараптуу кызматташууну талкуулап, саясий карым-катышты жандантуу маселесине токтолушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл Кыргызстанга Ооганстандын расмий делегациялары келип, эл аралык жана чөлкөмдүк иш-чараларга катышат.
Ооганстанда талибдердин бийлик менен тирешинен улам ондогон жылдардан бери коомдук-саясий абал чыңалып турат. (SE)