Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Венесуэлада Гуайдонун башкы жардамчысы кармалды


Марреронун үйүндөгү тинтүүдөн кийинки көрүнүш. Каракас, 21-март, 2019-жыл.

Венесуэлада оппозиция лидери Хуан Гуайдонун башкы жардамчыларынын бири Роберто Марреро кармалды. Анын алдында өлкөнүн Улуттук чалгындоо кызматы Марреронун үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Гуайдо күч түзүмдөрү аны кармоодон коркуп, шериктерин бутага алып жатканын билдирди.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Гуайдонун үзөңгүлөшүнүн кармалышын «ири катачылык» деп атап, бийликти Маррерону тезинен бошотууга чакырды.

Жыл башында Хуан Гуайдо өзүн Венесуэланын убактылуу президенти катары жарыялаган. Аны АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү, Латын Америкасынын көпчүлүк мамлекеттери колдогон. Мамлекеттин башчысы Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия жана Куба жактап жатат.

Эл аралык укук коргоо уюмдары билдиргендей, Мадуронун өкмөтү январь айынан бери бийликке каршы демонстрацияларга байланыштуу миңден ашык кишини камакка алды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG