Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Сомалидеги куралдуу чабуулдан ондон ашык киши өлдү


23-мартта "Аш-Шабаб" террористтик тобунун куралдуу мүчөлөрү Могадишо шаарындагы Эмгек министрлигинин имаратына чабуул жасашты. Кол салууда кеминде 15 киши набыт болуп, жыйырмага жакын адам жаракат алды. Өлгөндөрдүн арасында министрдин орун басары да бар. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги маалымдады.

Алгач жанкечти министрликтин алдына машинесин токтотуп, өзүн жардырып жиберип, куралданган топко имаратты курчоого шарт түзгөн. Жардыруудан эки жергиликтүү тургун, бир аскер өлүп, министрликтин кызматкерлери жаракат алды.

Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ал-Каида" террордук тобуна кирген "Аш-Шабаб" алды. Февралда да шаардын борборунда жардыруу болуп, 24 адам мүрт кеткен.

Акыркы айларда АКШнын аскердик аба күчтөрү Сомалидеги "Аш-Шабабдын” согушкерлерине бир нече жолу сокку урушкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG