Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:19

Москва менен Бишкек Кыргызстандын темир жолун өнүктүрүү боюнча сүйлөшүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөтү менен Орусиянын өкмөтү Кыргызстандын темир жолун өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жаатта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Орусиянын катышуусу боюнча сөз жүрүп жатат. Иманалиев аскердик тармактагы ишкана жана "Кыргызнефтегаз" боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана келишимге кол коюлган соң гана маалымат бере аларын айтты.

Ал орус президентинин Кыргызстанга жасалчу сапарынын жүрүшүндө энергетика, чакан ГЭСтер, айыл чарба продукциялары, экспорт жаатында келишимдер бар экенин кошумчалады. Журналисттердин “Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнчабы?” деген суроосуна “жалпы чакан ГЭСтер боюнча сүйлөшүү жүрөт” деп тактады.

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусияга сатылат деген сөздөрдү аталган ишкананын жетекчилиги четке каккан.

Орусиянын президенти Владимир Путин марттын аяк ченинде Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери февраль айында кабарлаган. Бул анын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден берки алгачкы мамлекеттик сапары. Анын жүрүшүндө 30га жакын келишимге кол коюлары күтүлүүдө. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG