Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Фарид Ниязов: Атамбаев тарыхта жаратман лидер катары калат


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов (оңдо).
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов (оңдо).

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айткан сын пикирине жооп кайтарды.

Партиянын катчылыгы аркылуу тараткан билдирүүсүндө ал Дастан Жумабековдун айыптоолорун жалган деп баалап, Атамбаевдин президенттик башкаруусундагы жылдардагы жетишкендиктерди санап берди. Ниязов "Жумабеков ачык айтпаса да, Атамбаев менен иштешкенине сыймыктанат" деп эсептейт.

Фарид Ниязов "коррупцияга каршы системалык күрөш жүргөнү, инфраструктуранын жаңыланганы, сот жана шайлоо реформалары ишке ашканы - Атамбаевдин жетишкендиктери. Алмазбек Атамбаевдин саясий эрки менен биздин өлкө аймактагы эң прогрессивдүү жана акыйкат шайлоо системасына ээ болду",-деди.

Ниязов экс-президент учурда саясий басымга кабылып жатканын кыйытты. Ал мисал катары ушундай мамилеге туш болгон Искак Раззаковдун атын реабилитациялоого "30 жылдан ашык убакыт кеткенин" белгиледи.

"Мен баарлашкан тарыхчылардын жана саясат таануучулардын пикиринде Алмазбек Атамбаев да Кыргызстанды курган жаратман лидерлердин катарында калат. Анын элдин биримдигин жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негизин бекемдөөгө кошкон эмгеги эртеби-кечпи бааланат. Адистер, азыркы саясий элита деп аталган топтун өкүлдөрү каалайбы же каалабайбы, Атамбаевдин адилет ысымы акталат деп эсептешет. Президенттер жана парламенттер да чече албай турган нерселер бар, эл, убакыт жана тарых илими тактаган нерселер да бар",-деп жыйынтыкталат Фарид Ниязовдун билдирүүсү.

17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламентти орой сөз менен сынга алып, "президент Сооронбай Жээнбеков иниси Асылбек Жээнбековдун жетегинде калды" деп билдирген болчу. Буга жооп кайтарган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусундагы жылдары коррупциялык механизмдер өнүгүп, бийликти узурпациялоо аракети болгонун билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG