Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

ЖЭБ: Өндүрүштүк кырсык боюнча сотто Кыдырбаев көрсөтмө берди


Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу сот иши. Буга чейинки отурумдарда тартылган сүрөт.
Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу сот иши. Буга чейинки отурумдарда тартылган сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу соттук ишти кароону улантты.

26-марттагы отурумда “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев сурак берип, химиялык блок, туздан арылтылган сууну иштетүү жана андагы көйгөйлөр тууралуу айтып берип, буга орун басарлары жооп бериши керектигин белгиледи. Прокурор экс-директор Кыдырбаевдин көрсөтмөсү буга чейинкилерден айырмаланып жатканын белгилеп, "ал жоопкерчиликтен качып жатат" деп билдирди.

Бул иш боюнча "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Улуттук энергохолдингдин" биринчи орун басары Нурлан Садыков, Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу менен жылуулук борбордун мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков шектүү катары өтүп жатышат.

ЖЭбдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот 2018-жылдын 12-октябрында башталган. Былтыр 26-октябрдагы сотто Айбек Калиев менен Нурлан Садыковго айыбы угузулган.

Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча жалпысынан беш кылмыш иши козголгон. Негизги иш модернизациялоого байланыштуу экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге айып тагылган.

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG