Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

"Facebook" троллдорго катышы бар эки миңден ашык аккаунтту өчүрдү


"Facebook" корпорациясы 2600 аккаунтту өчүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, аккаунт, топтордун "Фейсбук" жана "Инстаграмдан" өчүрүлүшүнө алардын ээлеринин туура эмес аракеттери, троллдордун саясий мазмундагы спамдарды, "фейк" маалыматтарды таратышы себеп болгон.

Өчүрүлгөн аккаунттардын 1907си Орусияга, 500дөн ашыгы Иранга байланышы бар. Калганы Түндүк Македония, Косово менен байланыштуу.

Быйыл январда "Facebook" орусиялык 500дөн ашык аккаунттарды өчүргөн. ​

XS
SM
MD
LG