Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Мечиттеги кыргынга улутчулдардын таасири


Теракттын курмандыктарын эскерүү. Жаңы Зеландия. 18-март, 2019-жыл.
Теракттын курмандыктарын эскерүү. Жаңы Зеландия. 18-март, 2019-жыл.

"Фейсбук" компаниясы социалдык тармактагы ак расанын үстөмдүгүн жактаган көз караштарга, экстремисттик билдирүүлөргө тыюу сала турган болду.

Марк Цукерберг башында турган "Фейсбук" компаниясы социалдык тармактагы ак расанын үстөмдүгүн жактаган көз караштарга, экстремисттик билдирүүлөргө кийинки аптадан тарта тыюу саларын 27-мартта жарыялады.

Аталган компаниянын билдирүүсүндө кастыкты козуткан, расалык чакырыктарга мурда эле чектөө бар экени, бирок ал аракет жетишсиз болуп келгени айтылат.

Дүйнөдөгү алдыңкы социалдык түйүндөрдүн бири мындай чечимге Жаңы Зеландиядагы теракттан кийин келди. Австралиялык жаран Брентон Таррант 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчөч шаарында жума намаз маалында эки мечитте ок жаадырып, 50 кишинин өмүрүн алган теракты "Фейсбуктагы" баракчасынан түз көрсөткөн.

Компания социалдык тармактан өчүргөнгө чейин ал видеону 4 миңдей адам көргөнгө үлгүргөн.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн "Фейсбуктун" чечимин колдоду.

"Расизм, мажбурланган идеология бизди да кыйгап өткөн эмес. Биздин башкы баалуулук - адилеттик, боорукердик, кайгыга ортоктош болуу жана көп түрдүүлүк. Өкмөт бул баалуулуктардын сакталышында негизги роль ойной турган жалгыз орган эмес. Бирок биз аракеттенебиз. Менде азырынча бардык суроолорго жооп жок, аларды чечүүнүн жолдорун табабыз".

Жасинда Ардерндин билдирүүсүнөн кийин АКШнын Курулуш жана шаарларды өнүктүрүү министрлиги "Facebook" компаниясын дискриминацияга байланыштуу айыптап чыкты. Анда компаниянын жарнамалары раса жана өң-түскө, улутка, дин, майыптыкка, жыныска карап бөлүнгөнү жазылган.

"Facebook" бул билдирүүгө таң калганын жана көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын, келерки жумада турак жай, жумуш боюнча жаңы жарнамалык портал түзөрүн убада берди.

Буга чейин мечитте кыргын салган кишинин европалык расаны даңазалаган улутчул уюмдарга катышы бары айтылган.

Мечиттеги теракттан кийин. Жаңы Зеландия.
Мечиттеги теракттан кийин. Жаңы Зеландия.

Венада шаршембиде өткөн маалымат жыйында Австриянын канцлери Себастьян Курц ал ашынган оңчул "Австриянын идентитардык кыймылынан" каржы алып турганын билдирди.

"Австриядагы идентаристтер кылмышкерге финансылык колдоо көрсөткөн. Ошондой эле аны менен байланышта болгон. Бул багытта биздин позициябыз белгилүү. Эч кандай экстремизм болбошу керек. Радикал исламчыларбы же оңчул экстремисттик фанаттарбы, баарына тең биздин коомдо орун жок", - деген Курц кылмышка катышы барларды таап, жазалоо керектигин кошумчалады.

Бир күн мурда Австрия идентитардык кыймылынын лидери Мартин Зельнер өз дарегине айтылган кинелерди четке каккан. Ошол эле кезде ал Тарранттан кайрымдуулукка акча алганын ырастаган.

"Мен террордук уюмдун мүчөсү эмесмин. Кол салган адам менен эч кандай байланышым жок. Кээде андан кайрымдуулукка акча келип турган. Чындыгын айтсам, бир жыл мурда кайрымдуулук кылган кишинин эми теракт жасарын кайдан билдим?"

Австриянын прокуратурасынын маалыматына караганда, Жаңы Зеландиянын мечиттеринде кыргын салып, 50 кишини өлтүргөн Брентон Таррантка Мартин Зельнер былтыр жыл башында 1500 евро берген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG