Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Алжирде убактылуу өкмөт түзүлдү


Абдел Азиз Бутефликанын бийлигине каршы нааразылыкка чыккандар. 22-март, 2019-жыл.
Абдел Азиз Бутефликанын бийлигине каршы нааразылыкка чыккандар. 22-март, 2019-жыл.

Алжирде бийликти 20 жыл колунан чыгарбай башкарган Абдел Азиз Бутефлика өлкөдөгү массалык нааразылыкты токтотуш үчүн убактылуу өкмөт түздү.

Мамлекеттик APS 31 маалымат агенттиги премьер-министр Нуреддин Бедоуи 27 министрден турган өкмөттү башкарарын жарыялады.

Бутефлика анын бийликтен кетишин талап кылган массалык нааразылыкка карабай убактылуу өкмөттө коргоо министринин кызматын сактап калды.

Менчик телеканалдар 31-марттын кечинде Бутефлика ушул аптада кызматтан кетерин кабарлашты. «Ennahar TV» саясатчыларга таянып, Бутефлика 2-апрелде кызматын тапшырарын жазып чыкты.

82 жаштагы Бутефлика президенттик кызматын жаңы Конституция кабыл алынып, шайлоо өткөрүлгөн соң өткөрүп берерин билдирген. 20 жылдан бери бийликте турган Бутефлика элдик толкундоолордон кийин бешинчи мөөнөткө барбоого макул болгон, бирок алжирликтер аны «жетишсиз» деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG