Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

«Талибан»: сүйлөшүүлөргө катышкан топтон санкциялар алынат


«Талибандын» Катардагы кеңсеси.
«Талибандын» Катардагы кеңсеси.

БУУнун Коопсуздук кеңеши тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан «Талибандын» делегациясынан санкцияларды убактылуу алып салды. Бул тууралуу кыймылдын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид билдирди. Талибдердин өкүлү 11-апрелде «Азаттык» радиосунун Пакистан кызматына маалымдагандай, Катардагы сүйлөшүүгө катышып жаткандардын аты-жөнү «кара тизмеден» алынганын Коопсуздук кеңеши кабардар кылды.

Айрым маалымат каражаттары «Талибандагы» адамдарга таянып «Коопсуздук кеңеши туруктуу 5 мүчө менен консультациядан кийин санкцияны 9 айга алууну чечкенин» жазып чыгышты. Кийин талибдерге бул мөөнөт узартылганы айтылды. Бирок бул маалыматты эркин булактар тастыктай элек. БУУнун же Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү азырынча комментарий беришкен жок.

АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан «Талибан» кыймылынын мүчөлөрүнүн көбү Бириккен Улуттар Уюмунун санкциялар тизмесине киргизилген. Халилзад Катарда Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуш үчүн жолугушууларды жүргүзүп келатат.

XS
SM
MD
LG