«Hindustan times» басылмасы Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 290 адамга жеткенин жазды. Анын алдында «News 1st» басылмасы бул каргашадан курман болгондор 262 киши экенин кабарлаган. Жарадарлар 500дүн тегерегинде.
Шри-Ланкада 21-апрель күнү катар-катары менен сегиз жардыруу болгон. Өлкөнүн коргоо министри Рувана Вийервардена аны жанкечтилер ишке ашырганын айткан.
Тышкы иштер министрлиги өлгөндөрдүн ичинен кеминде 27 адам чет өлкөнүн жарандары экенин кабарлады. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда үч полиция кызматкери мерт болгон. Жардыруулар бул күнү христиандар Пасха майрамын белгилеп жаткан учурда жасалган.
Бул Шри-Ланкадагы он жыл мурда аяктаган жарандык согуштан берки эң чоң апаат катары сыпатталууда. Өлкө президенти Маитрипала Сирисена элди тынчтыкка чакырып, бул ишти иликтөөдө бийликке жардам берүүгө чакырды.
Кыргынды дүйнө лидерлери айыптап, шриланкалыктарга көңүл айтууда.