Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Казакстанда кесилген кыргызстандыктардын жакындары өкүмгө макул эмес


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Кыргызстандын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловдун, Чыңгыз Абакировдун жакындары Казакстандын Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. Алар сот ишти акыйкат эмес карады деп эсептешет.

26-апрелде соттолгондордун жакындары Бишкекте маалымат жыйын курарын билдиришти.

24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловду 10 жылга, Чыңгыз Абакировду 8 жылга эркинен ажыратты.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандардан «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп шек санаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG