Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Орусия мунай сатып алуучулар менен сүйлөшүүдө


"Дружба" өткөргүчү жеткирген мунайды кайра иштетүүчү завод. Беларус. Сүрөт 2013-жылы тартылган.
"Дружба" өткөргүчү жеткирген мунайды кайра иштетүүчү завод. Беларус. Сүрөт 2013-жылы тартылган.

Орусиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү мунай маселеси боюнча ташуучу компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүү үчүн 26-апрелде Минск шаарына барышты.

Министрлик төрт компания - орусиялык "Транснефти", Беларустун "Белнефтехим", Польшанын PERN жана Украинанын "Укртранснафты" ишканаларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү башталганын билдирди.

24-апрелден тарта Беларус, Польша жана Украина Орусиянын "Транснефти" ишканасы "Дружба" өткөргүчү аркылуу жеткирген мунайды "сапаты начарлап кетти" деген негизде Батыш мамлекеттерине транзиттөөдөн баш тарткан.

Орус мунайынын сапатына байланышкан маселе 24-апрелде Беларустун билдирүүсүнөн кийин ачыкка чыккан. Минск начар сапаттагы мунайдан 100 миллион доллар чыгым тартканын айткан.

"Дружба" өткөргүчү аркылуу жеткирилген мунайдын сапатынан улам батыштык импорттоочулар сотко кайрылып, Орусиядан компенсация талап кылышы мүмкүн экени айтылууда.

Советтик мезгилде, 1960-жылдарда курулган дүйнөдөгү эң узун "Дружба" өткөргүчү аркылуу орус мунайы Беларус, Украина, Польша аркылуу Европа өлкөлөрүнө жеткирилет.

XS
SM
MD
LG